УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 26-майда Баткендин Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарында жергиликтүү эл менен жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын тактоого байланыштуу маалымат берди.
«Регион» телеканалынын башчысы Өткүрбек Рахманов ал жолугушуу тууралуу маалымат таратып, Ташиев буга чейин Чечме булагы талаштуу болуп келгенин, чек ара такталгандан кийин Кыргызстанга өткөнүн маалымдаганын билдирди.
«Чечме булагы эми талаштуу эмес жана ал толугу менен Кыргызстандын балансына жазылды, бул маселеге чекит койдук. Бирок булактын суусун Өзбекстан тарап менен буга чейин болуп келгендей, ортодо пайдаланбыз. Коңшуларыбыз дагы анын суусун пайдаланат, биз дагы ал суудан пайдаланбыз, бул боюнча мамлекеттик деңгээлде келишилди»,-деп билдирген Ташиев.
УКМКнын төрагасы ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасы такталгандан кийин Кыргызстандын картасы чоңойгонун жарыялаган.
«Кыргыз Республикасынын жалпы аянты мурда 19 миллион 995 миң 89 гектарды түзгөн. Өзбектер менен картаны толук чийип алып бүткөндөн кийин кыргыз тарап алган 15 572 гектарды кошкондо биздин картабыз 20 миллион 10 миң 661 гектарды түздү. Башкача айтканда, картабыз чоңойду», — деди ал.