Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияны жетектей баштады.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 19-ноябрда делегациянын жыйыны өткөн. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу, коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жумушун активдештирүү маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, аталган делегацияны буга чейин вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектеп келген.