• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Ташиев чет өлкөгө эс алууга кеткени туралуу маалыматты четке какты

2 Үчтүн айы 202419:17 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө эс алууга кеткени туралуу маалыматты четке кагып, иштеп жатканын белгиледи.

Буга чейин социалдык тармактардагы айрым колдонуучулар УКМК төрагасы чет жакка эс алууга учуп кеткенин жазышкан.

«Соцтармакта жалган маалымат тарата беришет. Ага эл ишенбеши керек. Мына, 2-январда мен Сузак районунда турам. Президенттин атынан милицияга автоунаа тапшырдык. Иш токтогон жок. Мен эч качан чет жакка чыгып эс алган эмесмин. Андай адам эмесмин. Чет жакка жумуш менен же ден соолукка байланыштуу барабыз «, — деген ал.

Количество просмотров: 187