• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев «Дженго» кантип кармалганын айтып берди

18 Бирдин айы 2021 15:57 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткен облусунда Тажикстан менен чектеш айылдардын тургундары менен жолукту.

Жолугушууда ал өлкөдө кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен аёосуз күрөш жүрүп жатканын белгилеп, «Дженго» каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду кантип кармаганы туурасында айтып берди.

«Дженгону» кармоо үчүн үч ай бою артынан аңдып жүргөн. Аны кармайын десең эле Баткен аркылуу Тажикстанга кирип кетет. Бир канча убакыттан кийин кайра Кыргызстанга чыгып келет. Кармайын десең дагы Тажикстанга кирип кетет. Акыры Тажикстандын УКМК төрагасы менен сүйлөшүп, чек арасынан кууп чыгартып, анан кармадык», — деди Ташиев.

Эске салсак, Кадыр Досонов 11-февралда УКМКнын Ош облусттук башкармалыгы тарабынан кармалып, Бишкекке алынып келинген. Ал 8-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болот.

Количество просмотров: 1245