«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы болгон элге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев барды. Учурда ал чогулуп турган элдин пикирин угуп жатат.
Ташиев кыргыз жерлери сатылды деген маалыматка ишенбөөгө чакырды.
«Жапаров менен Ташиев бул жерлерди сатып жиберишти деп жазып жатышат. Эч ким саткан эмес, бул чагымчылардын сөзүн укпаңыздар. Бир метрди да сатпайт тургандыгыбызды билип коюуңдар. Бул сүйлөгөн сөздөр бизге таасир этпейт»- деди Ташиев.
Эске салсак, 16-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнө караган Ынтымак айылынын 50дөн ашуун тургуну нааразылык билдирип чыгышкан. Нааразы болгондор «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтышып, Ташиевдин келишин талап кылышкан.