Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев чек ара аймактарында жашаган калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, стүбүздөгү жылдын 30-мартында саат 11.00дө Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын жергиликтүү калкы менен «Чечме» участогу боюнча жолугушуу өтөт. Түшүндүрүү иш-чараларынын планына ылайык, өкмөттүк делегация башчысы жана атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чектеш аймактарына барышып, анда калк менен жолугушуу өткөрүп, кол коюлган Протоколдун жыйынтыктарын кеңири түшүндүрүп беришет.
«30-мартта саат 17.00дө Өзгөн райондук административдик имаратында Кемпирабад суу сактагычы боюнча Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкы менен жолугушуу өтөт. 31-мартында саат 14.00дө Ала-Бука райондук административдик имаратында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү калкы менен тилкелер боюнча жолугушуу өтөт»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын 25-мартында эки республиканын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык Протоколго кол коюлган, ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер территорияларды алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн.