УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Атайын кызматтын Биринчи Май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып кызматкерлерди так жана абийир менен иштөөгө ал үчүн болгон шарттар түзүлүп жатканын айтты.
Ошондой эле, Ташиев 2025-жылы УКМКнын 100 пайыз кызматкерлери үй менен камсыз болорун белгиледи.
«Сиздер кайсы жерге барып кызмат кылбаңыздар бардык шарттар бар. Айлыктарыбыз көтөрүлдү. Көпчүлүгүңөр мамлекет тарабынан үй-жай менен камсыз болдуңуздар. 2025-жылы күзгө барып УКМКда иштеген бардык кызматкерлер үй менен камсыз болушат. Эч ким үйсүз калбайт»,- деди Ташиев.