• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ташиев: Февралда Инандыны уурдап бараткан жеринен алып калганбыз

8 Теке 2021 16:01 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Түркияга тымызын чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу комментарий берди.

Анын айтымында, Инандыны 2015-жылдан бери уурдап кетүүгө бир канча жолу аракет жасалганын, 2019-жылы ушундай окуядан улам сотко чейинки өндүрүш ачылганын билдирди.

«Инандынын уурдап кетиши мүмкүн деген маалыматты өзүнө да айтканбыз. Ал биз менен иштешип жаткан, күмөндүү окуялар тууралуу айтыр турчу. Февралда эле аны уурдап баратканда алып калганбыз. Инанды ушул жылдын башында үч күнгө жоголуп кеткен жана аны уурдап баратканы жеринен атайын кызматтын өкүлдөрү сактап калган», — деди Ташиев.

Эске салсак, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

Количество просмотров: 786