• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Ташиев: Интим кызмат көрсөткөн түйүн табылса, ошол жердин жергиликтүү бийлиги кызматтан алынат

30 Жетинин айы 2023 15:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында эртең, 1-декабрдан баштап бир дагы интим кызмат көрсөткөн түйүн болбойт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиетинини төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

“Эртеңден тарта кайсыл аймакта интим кызмат көрсөткөн түйүн табылса, ошол жердин жергиликтүү бийлик башчылары, күч түзүмдөрүнүн башчылары дароо кызматтан алынат «, — деди УКМК башчысы.

Эске салсак, буга чейин УКМК Бишкек шаарында жана Чүй облусунда интимдик кызмат көрсөтүлгөн ондон ашык жайды жапкан.

Количество просмотров: 278