• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ташиев: Күйүүчү май ташыган мафиянын изине түштүк

27 Аяк оона 2021 9:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга күйүүчү май ташыган мафиянын изине түштүк. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда УКМКнын жаңы имаратынын ачылыш аземинде айтты.

«Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык», — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачышканын кошумчалады.

«Кыргызстанда фармацевтикалык мафия бар экенин айтышты. Биздеги дарылар үч эсе кымбат баада, айрымдары он эсе кымбат сатылат экен. Мунун баары атайын уюштурулуп, фарммафияда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер катышыптыр. Биз алардын бетин ачтык. Биринчи күнү коомчулукка маалымат беребиз»,-деди ал.

Количество просмотров: 7113