• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ташиев караларды каржылагандарга кайрылды

9 Тогуздун айы 2023 10:36 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, бизнесмен, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандарга кайрылуу жасады.

«Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла. Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт», — деп жазган Ташиев.

Количество просмотров: 788