• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев: Кээ бир депутаттар өтө оор кылмыштарга шектелип жатат…

24 Жетинин айы 2022 11:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары оор кылмыштарга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир нече эл өкүлдөрүнө кылмыш иштери даярдалып жатат.

«Дагы бир эки урматтуу депутаттарыбызга иштер бар. Муну да алдын ала айтып коеюн, эртең дагы айтып чыкпагыла. Кээ бирлерине өтө оор кылмыштарга байланыштуу иштер азыр дайындалып, экспертизалар чыгып жатат. Жакында Башкы прокуратура иш козгой турган болсо ага да айтып чыкпагыла. Өтө оор кылмыштарга шектелип жаткандар бар, араңызда олтургандар. Ал боюнча биз текшерип чыгышыбыз керек, бизге керектүү адамдар арыздарын берди. Эгер биз текшерүү маалында ал кылмыштар такталбай турган болсо, аны да сот аркылуу чечим кабыл алынат», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал жабырлануучулардын арыздары жазылган Жогорку Кеңештин депутаттарынын атын атаган жок.

Количество просмотров: 1170