• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Камчыбек Ташиев Келдибековдун суракка эмнеге чакырылганын айтып берди

2 Бештин айы 2021 13:30 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Азаттык» партиясынан талапкер Ахматбек Келдибековдун эмне себептен суракка чакырылганы тууралуу айтып берди.

«БШКнын сервериндеги иш боюнча коомчулукта айтылып жатат. Бирок анын бюллетендердин санына таасири тийбегенин айтып эле жатабыз. Ага карабастан, Ахматбек Келдибеков бул схеманы туура эмес деп такыр жок схеманы коомчулукка таратып жатканы боюнча чара көрүп жатабыз. Себеби, туура эмес маалымат. Эч качан БШК маалыматтык сервери Акхматбек Келдибеков айткандай иштебейт. Ал өздөрүнө ылайыкташтырып, коомчулукка жалган маалыматтарды таратып жатат. Ошол себептен, биз аны чакырып БШКнын сервери кандай иштей турганын, саноо механизми кандай боло тургандыгын, мамлекеттик системада мамлекет кандай корголо тургандыгын түшүндүрүп жатабыз», — деди Ташиев.

“Азаттык” партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибековду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылган. Ал буга чейин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына БШКнын серверинин иштөөсү боюнча кандай иштээрин айтып берген.

Количество просмотров: 233