Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды.
Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.