• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ташиев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

13 Теке 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ага ачык кайрылуу жолдогон бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Куруучулардын ачык кайрылуусу Бишкек шаарынын түштүк аймагында курулуш имараттарына техникалык шарттарды берүүнүн жана аларды туташтыруунун тартиби, шарттары жөнүндө жобону жокко чыгаруу сунушуна байланыштуу.

Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул маселе үч жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын, ошол эле учурда жүктөмдү эсептөө колдонуудагы нормаларга туура келбестигин жана андан он эсе жогору экендигин белгилешти.

Өз кезегинде Ташиев тармактык мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырды жана салыктарды ак ниет төлөгөн ишкерлерди колдоого алуу мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин баса белгиледи.

Количество просмотров: 644