• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ташиев “кустуризациядан” канча акча түшкөнүн айтты

2 Чын куран 2024 9:30 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «7-каналга» кыскача маек куруп, анда өлкөдө коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча суроолорго жооп берген.

Ташиев өз сөзүндө коррупцияга каршы курөштөн түшкөн акчалар кайда экенин жана канча каражат түшкөнүн да айткан.

«Коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлүп жаткан каражаттардын бир тыйыны да биздин мекемеде калбайт. Биздин андан бир тыйын да алып калганга укугубуз жок. Баары банктагы эсепке түшүп, түздөн түз республикалык казынага которулуп турат. Жалпы ушул күндө казынага түшкөн каражаттар жөнүндө тактоо киргизип коеюн. 20 миллиард сом дегениңиз бер жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт», -деди Ташиев.

Количество просмотров: 79