• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасы толук чечилгенден кийин ачылат

30 Үчтүн айы 2022 13:00 Бишкек Govori.TV

«Биз чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечебиз», — деп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, маселе Кыргызстандын же Тажикстандын гана пайдасына чечиле тургандай болбойт. «Биз чек ара маселесин эки мамлекеттин элинин кызыкчылыгына ылайык чечебиз», — деди ал.

«Кулунду, Максат, Арка, Интернационал, Борбордук башка участоктор боюнча көп маселелер бар, ушуларды чечип алган соң Көк-Терек, Орто Боз, Баш Тумшук, Самоьон боюнча чек ара маселелелерине келебиз. Чек ара толугу менен чечилмейинче эл жапа чеккен, мамлекет зыян тарткан ушул сыяктуу чырлар боло берет», — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасы эл коопсуз жашоосу керектигин баса белгиледи.

«Демаркация аяктагандан кийин чек араларды ачып, тажик эли менен да мамилени улантабыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал ошондой эле чек ара маселеси президент Садыр Жапаровдун көңүл борборунда экенин белгиледи.

Количество просмотров: 266