• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ташиев кыргыз-өзбек чек ара маселесин сүйлөшүү үчүн кайра Ташкент шаарына барат

19 Чын куран 2021 14:47 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районуна барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолугушууда. Анда УКМК башчысы чек ара маселесин сүйлөшүү үчүн кайрадан Ташкент шаарына бара турганын айтты.

«Чек ара маселесине байланыштуу Ташкент шаарына дагы барып сүйлөшүү жүргүзөбүз. Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан — ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин»,- деди Ташиев.

Эске салсак, 16-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнө караган Ынтымак айылынын 50дөн ашуун тургуну нааразылык билдирип чыгышкан. Нааразы болгондор «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтышып, Ташиевдин келишин талап кылышкан.

Количество просмотров: 208