• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев: Кыргызстанда баңги зат сатууга генералдар да аралашкан

3 Бирдин айы 2021 14:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда баңги зат сатууга генералдар да аралашкан. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, баңги зат бизнесине көп адамдар аралашкан, качып жүргөндөр да бар.

Ошондой эле, К.Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук барын башкарат деп кошумчалады.

“Алар мамлекеттик кызматка кимди коюшту, ким депутат болорун, кандай бизнес өнүгө турагынан чечишет. Мындан ары өлкөдө “мыйзамдагы ууру”, “каралар” болбойт. Андайлар башка өлкөгө барып жашасын. Биз коркпошубуз керек, аларды жок кылууга милденттүүбүз”, — деди ал.

Количество просмотров: 453