• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташиев кызматтагы жээнин мактады

23 Үчтүн айы 2022 13:39 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын жетекчиси Байгазы Матисаков менин тууганым болгонуна күнөөлүү эмес. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Байгазы Матисаков бул кызматка 2020-жылдын аягында дайындалган. Ал менин эжемдин уулу, Россиядан окуп келген, таалим-тарбиясы жакшы, тамеки тартпайт, ичпейт, саясатчы эмес, абдан билимдүү адам. Менин жээним болгонуна анын күнөөсү жок. Ал компанияны ишин жакшыртты. Менин жээним экени анын ишине тоскоол болбошу керек. Эмне үчүн ал иштебеши керек? Мен аны менен сыймыктанам”, — деди Ташиев.

Количество просмотров: 388