• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ташиев: Текебаевге атайы келип кол салуу болгон эмес

2 Бештин айы 2021 12:50 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Текебаевге болгон кол салуу тууралуу иликтөө иштери журуп жатканын билдирди. Бул тууралуу Ташиев журналист Жоодар Бузумовдун соцтармактагы баракчасына жарыялаган маек учурунда айтты.

Ташиевдин айтымында, Өмүрбек Текебаевге кол салынган эмес, Текебаев менен кимдир бирөөлөр уруша кеткен.

«Бул кылмыштуулук боюнча шектүулөр кармалды. Аны ИИМ тергеп жатат. Текебаевге кол салынган эмес, Текебаев менен кимдир бирөөлөр уруша кеткен. Ал жерде Текебаевге атайы келип кол салып, ага кандайдыр бир каршылык көрсөткөн эмес. Текебаев менен кимдир бирөө урушуп кеткен, ошону азыр Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Текебаевге кол көтөргөндүгү боюнча бир адам кармалды. Мен ойлойм бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 1013