УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда бардык майнинг фермалар 2026-жылдын март айынын аягына чейин иштебей турганын билдирди. Бул тууралуу ал Region телеканалына берген маегинде айтып, мындай чечим энергетика министри Таалайбек Ибраев менен бирге кабыл алынганын кошумчалады. Майнинг ферманы иштеткенге аракет кылгандар жазага тартыларын белгилеп, өлкөдөгү энергетикалык абалга да токтолду.
“Министр да айтты мамлекетте “веердик” өчүрүү деген болбойт. Эч бир жерде, атайын эч ким жарыкты өчүрбөйт. Жарык Кудайга шүгүр жетет. Ошондой болсо да электр энергиясын үнөмдүү пайдаланалы деп баарыбыз кайрылып атабыз. Урматтуу президентибиз, министрлер айтып жатат. Туура, суу аз элекр жарыгын өндүрүрүү азайды. Ошого карабастан быйыл кыштан чыгып кетебиз”, — деди ал.