• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ташиев: Мандатымды тапшырбайм

30 Жалган куран 202214:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты депутат Шайырбек Ташиев мандатын тапшырбай турган болду. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

«Элдин кайрылуулары, кол топтоолору, бизге келип түшкөн сурануулардын негизинде биз үй-бүлөбүз менен берген убадаларыбызды аткарабыз деп чечим чыгардык. Эл-журтубузга колубуздан келгенче жардам берели дедик. Мандатты тапшырып койсок, айтылган пикирлер тынчып, асылуулар болбойбу деген ойдо элек. Мунун экинчи жагын карап көрдүк, эгер биз мандат тапшырсак, алардын жөндөн-жөн эле күнөөлөп жаткан күнөөсүн моюнга алып калган болот экенибиз», — деди ал.

Эске салсак, 23-январда УУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда ЖКдагы депутат иниси Шайырбек Ташиевден депутаттык мандатын тапшыра турганын айткан.

Количество просмотров: 795