• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташиев: Матраимовду кармап келүү боюнча эртең тапшырма берем

16 Тогуздун айы 2020 18:51 Бишкек Govori.TV

Матраимовду кармап келүү боюнча эртең тапшырма берем. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда маалымат жыйын учурунда УКМКга төрага болуп дайындалган Камчыбек Ташиев билдирди.

«Матраимовдордун иши иликтенет. Матраимовду кармап келүү боюнча эртең тапшырма берем. Матраимовго байланыштуу кылмыш иши жок экен.Бирок журналисттик иликтөөдөгү фактылар териштирилет. Матраимовдор башкарбайт. Коомубуздан коррупциянерлерди кууп чыгып, жашатпайбыз. Биздин максат УКТ менен күрөшүү. Мындан ары мамлекеттик органдарда коррупциялашкан иштер болсо улутуна, жынысына карабай, катуу жазалайбыз», — деди Ташиев.

“Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болду. Премьер-министр Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка бүгүн, 16-октябрда кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМКны Орозбек Опумбаев жетектеп келген.

Количество просмотров: 1517