• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ташиев Матраимовдун бошотулушу боюнча комментарий берди

15 Чын куран 2021 19:14 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга айыпталып камалган Райым Матраимовдун абактан бошотулушу боюнча «Азаттыкка» комментарий берди.

«»Азаттыктын»жана Али Токтакуновдун иликтөөсүнүн негизинде бизге «Матраимовдун чет жактарда мүлкү бар, ошону караган жоксуңар» деген дооматтар айтылган. Биз аны качырбоо үчүн кармап, камадык. КМШ өлкөлөрүнүн баарына, Кытайга, Түркияга, Араб Эмираттарына жана башка бардык чет өлкөлөргө суроо-өтүнүч жиберип, Райымбек Матраимовдорго таандык мүлктөр бар-жогун аныктоого көмөктөшүүнү суранганбыз. Ал өлкөлөрдүн баарынан бизге «Райымбек Матраимовго жана анын жакындарына таандык бир да мүлк жок» деген маалыматтар алынды. Ошондон кийин гана биз ишти токтотуп, аны чыгарууга мажбур болдук», — деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки териштирүүнү токтотуп, аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасын жокко чыгарды.

Количество просмотров: 1643