• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев менен мугалимдин көл күрөшү соцтармакта талкуу жаратты (видео)

28 Тогуздун айы 202411:47 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы Сатыбалды Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп лицейине барган. Анда Ташиев мектеп жамааты менен жолугуп, билим уясынын бүгүнкү абалы менен таанышып чыкты.

Мектепте учурда 2570 окуучу билим алат. Бирок, мектеп болгону 520 балага ылайыкташкан. Мында спорт залы, жыйындар залы, ашканасы жана спорт аянтчасы дагы каралган эмес.

Камчыбек Ташиев мугалимдер жамааты менен жеринде маселени көргөн соң, тийиштүү жетекчилерге, аталган мектептеги муктаждыктарды толугу менен жоюуну тапшырды. Ага ылайык, мектепке кошумча жаңы 4 кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана спорт аянтчасы курулат.

Иш сапардын алкагында Ташиев мектеп мугадими менен көл күрөшүп күч сынашты. Анын соцтармакка тараган видеосу коомчулуктун көңүлүн буруп, бир катар тамаша кептер айтылууда.

Количество просмотров: 500