• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев «менин убактым аз калды» деген сөзүн чечмелеп берди

26 Бугу 2023 9:20 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына берген маегинде социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндөгү «Менин убактым аз калды, үлгүрүшүм керек» деген сөзү менен эмнени айткысы келгендигин чечмелеп берген.

Ташиев анын билдирүүсү эки ача пикир калтырышы мүмкүн эместигин айтты. «Негизи бул суроону мага көп беришти. Бардыгы эмне үчүн убакыт аз калды, эмнеге аз калды, өзүңүз жөнүндө айтып жатасызбы деп кызыгып сурап жатышат. Туура, мен өзүм жөнүндө айтып жатам. Себеби мунун баары жумуш менен байланышкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкаруу убактысы менде деле азайып жатат. Мен бул жерде түбөлүк отурбайм. 2,5 жыл убакыт өтүп кетти. Демек, биз пландалган жумуштарга үлгүрүп калышыбыз керек», — деди ал.

Ташиев УКМК башчысы кызматын аркалап турган кезде көп иштерди жасап үлгүрүп калышы керектигин баса белгиледи.

Количество просмотров: 336