• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Ташиев: Министрлердин баары таңкы саат 6дан баштап жумушта болушуңар керек

20 Теке 2023 12:35 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында министрлер башкаларга үлгү болушу керектигин айтты.

«Биз көп иштешибиз керек. Эл дем алып жатат, мен дагы эс алам дегенди токтотуу керек. Айрыкча министрлер, Көлдө чолок шым кийип алып, күнгө кактанып жаткан бир дагы министр болбошу керек, көрбөйүн. Эске алып койгула. Үйүңөрдө дем алгыла, иштегиле. Эмгек өргүү деген бизде болбойт. Мисал келтирсем, мен бүгүн таңкы саат 5тен бери жумуштамын. Министрлер жумушка саат 8:30-9:да келет. Андай болбошу керек. Министрлердин баары таңкы саат 6дан баштап жумушта болушуңар керек. Эл жолго чыкканда силер дагы тыгын жасабай, саат 6-6:30да жумушта болушуңар керек. Бул биздин элге көрсөткөн үлгүбүз болот. Кызматкерлериңер да жумушка эртерээк келет», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 120