• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташиев: Мындан ары коррупциянерлер он эселеп төлөйт

16 Тогуздун айы 2020 19:57 Бишкек Govori.TV


Мындан ары коррупциянерлер он эселеп төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ташиевдин айтымында, Кыргызстанда коррупция менен алектенүү мындан ары пайдасыз болуп калат.

«Мамдекеттин казынасына кол салгандарды түрмөгө камап койбой, бюджетке келтирген зыяндарын 10 эселеп төлөтүү керек. Мындан ары алар бир гана мамлекетке төлөшөт»,-деди Ташиев.

УКМКнын жаңы төрагасы Ташиев маалымат жыйында берген убадаларынын жыйынтына жакынкы арада күбө болосуңар деп белгиледи.

Эскерте кетсек, Ташиевдин УКМКга жетекчи болуп дайындалганы 16-октябрда белгилүү болду. Буга чейин УКМКнын Орозбек Опумбаев жетектеп келген.

Количество просмотров: 724