• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ташиев: Ооганстандан качкандар Кыргызстанга келиши мүмкүн

8 Теке 202115:36 Бишкек Govori.TV

Ушул күндөрү Ооганстан менен чектешкен Тажикстан, Өзбекстанда кооптуу жагдай пайда болуп жатат. Ооганстандан качкандар Кыргызстанга да келиши мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу чалгындоо иштерин күчөтүп жатат.

«Бүгүнкү күндө Афганистан менен чектеш Тажикстан менен Өзбекстанда оор кырдаал түзүлүп жатат. Афганистандан келген качкындардын бардыгы биздин өлкөгө келип калышы мүмкүн», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 236