• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ташиев ооруканадан Садыр Жапаровдун сөзүнө комментарий берди

17 Бештин айы 2023 22:31 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, президент Садыр Жапаровдун Элдик Курултайда айткан сөзүнө кошумча пикирин билдирди.

«Урматтуу мекендештер! Эми гана өзүмө келдим, 3 күндөн бери катуу ооруп, эми гана баш көтөрдүм. Ажообуздун Элдик курултайда мен жөнүндө айткан пикирине өз оюмду билдирип коюуну чечтим.
Биринчиден, президентибиз туура айтты эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт! Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган. Ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап, чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артамын. 8 жылдан кийин да эл журт деп Садыр досумдай күйүп жанган кыргызымдын бир инсаны чыгат буюруса», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 939