Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына таянып жазышты.
Маалыматта Кыргызстанда “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам, алардын арасындагы “Россотрудничество” уюмунун кызматкерлери тууралуу да сөз болуп, тергөө шектүүлөрдү үй камагына чыгарса болот деп жыйынтык чыгарганы жазылат.
Жолугушуу тууралуу УКМК да, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да комментарий бере элек.
Эске салсак, УКМК Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган. Кармалгандардын бири Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Дагы бири журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина экени белгилүү болгон.