УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы Адахан Мадумаровдун президент Садыр Жапаровдун маегине берген жообун сынга алды.
“Кыргызстан оңолуу жолуна түштү. Бирок ошону көрө албагандар да бар. Мына кечээ эле бирөөсү президентке “сен кимсиң?” деп айтып чыгыптыр. Туугандар, мамлекеттин башчысын сыйлай албасак кандай эл болобуз? Президент күнү-түнү элим, жерим деп иштеп жатат. Ошондой тартипсиздердин баарын жоопко тартыш керек. Президенттин ким экенин, президент элге кантип кызмат кылып атканын көрсөтүп коюшубуз керек. Ошол киши тилинин азабын дагы тартат”, — деди ал.
Белгилей кетсек, ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Бул комчулукта катуу талкууга алынып жатат.
Гимнди өзгөртүү демилгесин саясатчы Адахан Мадумаров “Азаттыкка” комментарий берип жатып сынга алган. Ал эми президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, гимнди алмаштырууну колдой турганын, Адахан Мадумаров мамлекеттик катчы болуп турганда Кыргызстандын символикаларын алмаштыруу демилгесин өзү көтөргөнүн, азыр эми бул ойго каршы чыгып жатканын билдирген.
Президенттин маеги Адахан Мадумаров “Апрель” телеканалына,“гимнди парламент же президент өзгөртө турганын, ал мамлекеттик катчы болуп турганда Садыр Жапаровго символикаларды алмаштыруу боюнча эч нерсе айтпаганын” билдирген.