• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ташиев: «Садырды Президент кылабыз!» деп айткан сөзүмө, убадама турдум

28 Үчтүн айы 202110:18 Бишкек Govori.TV

4 ай, 14 күн мурун айткан сөзүмө турдум. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров тууралуу Фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

«Урматтуу кыргыз элим! Туптуура 4 ай, 14 күн мурун борбордук аянтта таңга маал «Садырды Президент кылабыз!» деп жарыялаган экем. Мен сөзүмө, убадама турдум! Рахмат элиме, рахмат силерге!» -деп жазган Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтүп жатат.

Количество просмотров: 4755