• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев: Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат

11 Жетинин айы 2021 10:30 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоодо талапкерлердин добуш сатып алуусуна жол берилбейт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 10-ноябрда атайын кызматтын Кара-Көл шаарындагы жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып айтты.

Ал Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзам сактоо, бардык тараптарга бирдей шарт түзүү, мамлекеттик кызматкерлерди үгүт иштерине аралаштырбоо зарылдыгын билдирди.

«Шайлоо өнөктүгү бүгүнкү күндө кызуу жүрүп жатат. Үгүт иштери салыштырмалуу тынч өтүп жатканы менен мыйзам бузуулар бар. Президент Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу жана мамлекеттик кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине тыюу салган чаралар жөнүндө жарлыгы чыккан. Анын негизинде мамлекеттик кызматкерлер үгүт иш-чараларына катышпоого милдеттендирилген. Биздеги маалыматтарга караганда, айрым талапкерлер шайлоого аз калганда добуштарды сатып алууну көздөп жатат. Шайлоого бир жума калгандан тартып, УКМКнын кызматкерлери уктабай, күнү-түнү көзөмөл кылуулары керек. Добуш сатып алуу фактысына көңүл бурбай койгон кызматкерлер жазага тартылат. Айрым талапкерлер үгүт учурунда өзүнүн программасын тааныштыруунун ордуна, атаандаштарын каралоо менен алектенип жатат. Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат. Алар ар бир сөзүнө жооп берет. Мамлекет аларга эл менен жолугушуп, программаларын тааныштыруусуна шарт түзүп берип жатса, алар мамлекет башчыны жана башка кызматкерлерди каралаган жалган маалыматтарды таратууда»,-деди Ташиев.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер ат салышууда

Количество просмотров: 592