• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиев: Сооронбай Жээнбековго карата бир дагы кылмыш иши жок

8 Теке 2021 16:55 Бишкек Govori.TV

Азыркы учурда Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбековго карата бир дагы кылмыш иши жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда өткөн маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Сооронбай Жээнбеков жоопко тартылабы деген суроого Ташиев ага каршы азырынча бир дагы иш жок деп жооп берди.

 «Эгерде Жээнбековго бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз. Бирок азырынча Сооронбай Шариповичке эч нерсе жок, чыга элек», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 3043