• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ташиев Суваналиевге жооп берди

2 Чын куран 2024 10:38 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «7-каналга» кыскача маек куруп, анда өлкөдө коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча суроолорго жооп берген.

Ташиев өз сөзүндө коррупцияга каршы курөштөн түшкөн акчалар кайда экенин жана канча каражат түшкөнүн да айткан.

Маек учурунда журналист, «кечээ жакында “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” деген көрсөтүүсүндө генерал Өмүрбек Суваналиев эл ичинде айтылып жүргөндөй — “кустуризацияны” туура эмес сыпаттап, “мыйзамдуу жол менен кетиш керек болчу, коррупцияны күч менен жоё албайбыз”- деди. Мындан сырткары, ал “кустуризациядан түшкөн акчалардын дайыны жок”- дегенин айтып, суроо узатты.

Ага жооп берген Ташиев Суваналиевдин айткандары боюнча сын пикирин билдирди.

«Суваналиев өзүн генерал катары сыпаттаганды жакшы көрөт. Генералдык чинди жарым жылдай убакыт гана кызматта турган убагында көтөрүп жүрдү, бирок ошол убакыт ичинде деле элдин оозуна алына турган көп иштерди жасап койсо болот эле. Айтыңызчы, колго аларлык эмне иш кылды, оозун куу чөп менен аарчыгандан башка? Жеке мен кызматта иштеп турган убагымда генералдык наамды 6 жылдан ашуун убакыт көтөрүп жүрсөм, бул наамды алганыма жалпысынан 15 жылдай убакыт өтүптүр. Ким кандай иш жасады, эл тараза. Биздин жасап жаткан иштерибиз элге бүт ачык көрүнүп турат. Эгемендикке ээ болгондон бери элдин талап-тоноп келе жаткан уурулардан өндүрүлүп жаткан каражаттар биринчи кезекте калктын социалдык турмушун жакшыртууга жумшалып жатат. Ар бир региондо үйго муктаж жарандар үчүн ипотекалык үйлөрдүн курулушу, жаңы салынып жаткан мектептер, бала бакчалар, жолдор ушул ишибиздин жыйынтыгы. Бир эле аскердик тармакты ала турган болсок, акыркы 2 жылда армиябызды күчтөндүрүүгө 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалды.

Баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Кыскасы, “иттер үрө берет, кербен жүрө берет”. Биз мамлекет үчүн ишти кыла беребиз. Баарын тарых өзү таразалап алат. Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү — жарыя кылабыз. Мына ошол тизмеден ар ким өзүнүн мамлекетке канча акча бергенин анык көрө алат. Бул биздин «жарымын сол чөнтөккө уруп, жыргап атышат»- дегендерге берген жообубуз болот», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 149