УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери кармалганын айтты.
«Эки күн мурун салыкчыларды кармадык эле. Түнү менен бажычылар менен чабышып чыктык. Кечээ ошол жактан келдим. Жети-сегиз бажычы колго түштү. Кара-Суудагы Раим Матраимовдун терминалын мамлекетке алып койгонбуз. Ошол жерде бажычылардын уюшкан уюгун талкаладык. Таңга маал Эсеп палатасынын түндүк жагы боюнча башчысын эки инспектору менен кармадык. Буларды барып эле кармап алып жаткан жокпуз, видего тартып, алар боюнча иш жүрүп жатат. Анткени кылмышын далилдешибиз керек», — деди Ташиев.
Учурда Жогорку Кеңеште коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп чыккан мыйзам долбоору каралып жатат. Мыйзам долбоорунда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.