• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиев: Тажикстан менен тил табыша баштадык

21 Жетинин айы 2022 9:04 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына берген маегинде Тажикстан менен сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканы тууралуу айтып берген.

Ал жакында эле Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси өткөндүгүн эске салды.

«Атайын комиссия менен Тажикстанга барып келдик. Биз кайсы бир деңгээлде чек ара маселесин чечүүгө аракет кыла баштадык. Эгерде мурда тирешип туруп калсак, азыр бир аз тил табыша баштадык. Бири-бирибизге мунаса келип жатабыз. «Силер бул жерди алгыла, биз бул жерди алалы. Силерге бул нерсе керекпи, макул жардам берели, бирок биздин бул нерсеге силер да жардам бергиле» деп Тажикстан менен сүйлөшүп жатабыз», — деп, жакынкы күндөрү Тажикстандын чоң делегациясы Бишкекке келе тургандыгын кошумчалады.

«Протоколдорго кол койдук. Азыр мамлекеттик макулдашууларды жүргүзөбүз. Эгерде биз макулдашууларды жүргүзүп ала турган болсок, керектүү адамдар кол коет, андан соң парламентке алып келебиз. Ал жерде баарын ийне-жибине чейин талкуулап, анан депутаттардын макулдугу менен чечим кабыл алабыз. Президенттер кол коет, эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселеси чечилет», — деп баса белгиледи Камчыбек Ташиев.

Количество просмотров: 413