• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ташиев: Тез арада 10 миллион болушубуз керек

20 Бугу 202517:15 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Кыргызстандын демографиялык өсүшү боюнча позициясы менен бөлүшүп жаткан видео популярдуу болууда.

Ташиев калктын санын көбөйтүү аялдын «ыйык милдети» экенин билдирди.

«Мен муну аялдарыбызга дайыма айтам. Алтургай келиндериме айтам: төрөгүлө. Азыр болбосо качан? Мүмкүн болушунча көп балалуу болуп, калктын санын көбөйтүү аялдын ыйык милдети», — деп баса белгиледи ал.

Белигилүү болгондой Камчыбек Ташиев бул тууралуу сөздү Сузак районунда Эне жана баланы коргоо борборунун ачылышында айтты.

Клиника Ташиевдердин үй-бүлөсүнөн бөлүнгөн каражатка курулган деп айтылууда. Бул үчүн үй-бүлөлүк нефтебаза сатылганы маалым болду. Борборго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Алийма Ташиеванын апасынын ысымы ыйгарылган.

Количество просмотров: 273