• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ташиев Венгрияда эл аралык мелдешке катышкан спортчулар менен жолукту

28 Бирдин айы 2023 15:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-февралда Улуттук коопсуздук мамлекетти комитетинин төрагасы, Улуттук Бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев жана КР Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев 7-12- февралда Венгрияда өткөн бокс боюнча Bocskai lstvan Memorial эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан катышып келген спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

маалыматка ылайык, аталган мелдешке Кыргызстандан 10 спортчу катышкан. Жыйынтыгында спортчу Эркин Адылбек уулу 86 кг салмакта күчүн сынап, финалда Бельгиялык Легенас Идристи жеңип, алтын медалга ээ болгон. Ал эми Асылбек Аманкул уулу 48 кг салмакта күч сынашып, күмүш медалды багындырган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев спортчулардын жеңиши менен куттуктап, боксчулардын эмгек сиңирген машыктыруучусу Тилекмат Эңкеевге жана Акыйкат Абаевге ыраазычылыгын билдирди. Төрага бул жеңишти багындырууда машыктыруучулардын эмгеги зор экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Ташиев мамлекет спортчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин айтып, спортчуларды күчтүү жана тайманбас болууга чакырды.

Өз кезегинде спортчулар жана алардын машыктыруучулары Улуттук Бокс федерациясынын президенти жана вице-президентине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришип, мындан ары да өлкө желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарды багындырууга болгон күч аракетин жумшашаарын убадалашты.

Количество просмотров: 94