• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташиев өзүнүн дарегине сын айткан Тажикстандын мурдагы министрине жооп кайтарды

1 Чын куран 2021 10:16 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө жооп кайтарып, социалдык тармактагы өздүк баракчасына билдирүү калтырды.

«Тажикстандык бир аксакал Хамрохон Зарифи мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага нааразычылыгын жазган экен. Мен ачыктык киргизгим келет. Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын жетекчиси катары мен эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн көзүнчө кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке Ворух анклавы боюнча биздин сунуштарыбызды бердим. Андан башка биздин жакын коңшу өлкөнүн дарегине бир да сөз айтканым жок. Эмне үчүн анда Хамрохон аксакал пикирин абдан терс билдирип, каршылык мамилесин көрсөтүүдө? Балким менин өлкөмдүн кызыкчылыктарын чагылдырбаган сунуштарга макул болбогонум үчүндүр. Мен ачыктык киргизгим келет. Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын жетекчиси катары мен эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн көзүнчө кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке Ворух анклавы боюнча биздин сунуштарыбызды бердим. Андан башка биздин жакын коңшу өлкөнүн дарегине бир да сөз айтканым жок. Эмне үчүн анда Хамрохон аксакал пикирин абдан терс билдирип, каршылык мамилесин көрсөтүүдө? Балким менин өлкөмдүн кызыкчылыктарын чагылдырбаган сунуштарга макул болбогонум үчүндүр?” деп жазды.

Өзбекстандын мурдагы ТИМ башчысы Хамрохон Зарифи 30-мартта “Фейсбукка” “Ворух жери Тажикстандын аймагы” деген билдирүүсүн жарыялап, Ворух тарыхый документтер жана саясий, географиялык карталар боюнча анклав болбогонун билдирген.

Количество просмотров: 691