• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташиев жана Ятимовдун чек ара боюнча макулдашкан протоколу жарыяланды

6 Кулжа 2021 9:40 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимовдун чек ара боюнча кабыл алган протоколу министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Тажикстан менен болгон чек ара боюнча кабыл алынган протокол:

1. Эки тарап тең чек ара постторун 3 чакырымга чейин артка кайтарып кетүү;

2. Аскерлерди, аскердик техникаларды туруктуу жайгашкан жерине кайтаруу жана штаттык чек ара нарядын гана калтыруу;

3. Жайытты колдонуу боюнча чечим кабыл алынды;

4. Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер тараптардын тең төрагалары менен алдын ала макулдашып жасалууга тийиш;

5. Тараптардын чек ара наряды жүрүм-турум эрежелерин сактоо;

6. Жалпыга маалымдоо каражаттарына эки тарап макулдашкан гана маалыматтарды берүү;

7. Топографиялык жумушчу топтун жетекчилерине кыргыз-тажик чек арасынын №12\2 тилкесинен №12\9 тилкесине чейин тактоо иштерин тез арада бүткөрүү тапшырмасы берилди;

8. Чек арада жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

9. Тараптар ушул протоколдун ар бир пунктун так сактоого тийиш.

Количество просмотров: 1714