• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ташиев ЖКны мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын айтты

18 Чын куран 2024 9:59 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ташиев билдиргендей, парламентке коррупционерлер жана алардын туугандары келбеши керек.

«Келгендерин “тазалап” атабыз. Мындан кийин да ушундай болот. Акыркы убакта парламенттен 5-6 депутат кетти. Алардын көбү мандатын өз ыктыяры менен тапшырды. Себеби, биз аларга өз ыктыяры менен кеткенге мажбур кылып мыйзамсыз иштерин көрсөтүп атабыз. Ал эми кетпегендерин же мыйзамды бузгандарды жоопко тартып атабыз. Мунун баары мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат”, — деди ал.

Количество просмотров: 148