• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиевдин эскертүүсү. Депутаттардын коррупция менен күрөшкө берген баасы

25 Бугу 2023 13:28 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасы менен коррупцияга, оор жана өтө оор кылмыштарга каршы күрөштүн экинчи этабы башталып жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз, буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен жеңилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы бардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз»,-деген Ташиев.

Кыргызстанда  коррупция менен күрөш кандай жүрүп жатат? Депутаттардын пикирин уктук.

Количество просмотров: 167