• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ташиевдин Ооганстанга гумжардам катары студенттик виза берүү боюнча билдирүүсү сынга калды

16 Баш оона 2021 18:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500 студенттик виза бергенге даяр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул жаңылык соцтармактын кызуу талкуусуна алынды. Өз пикирин билдиргендердин көбү мындай чечимге каршы экендиктерин айтышууда. Ал эми айрымдар жардам колун сунуу дурус деп эсептешет.

Маалымат үчүн: «Талибан» Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

Количество просмотров: 437