• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Ташиевдин талкууга түшкөн видеосунун чоо-жайы…

23 Баш оона 2021 15:02 Бишкек Govori.TV

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин суу боюндагы видеосу социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жатат. Ташиевдин тарапташы Мукай Керимбаев былтыр парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө тартылганын жазып чыкты.

«Эки күндөн бери Камчыбек Ташиевге өткөн жылкы шайлоо учурунда тартылып, жасалган кыска тасманы чыгарып, ар кандай терс сөздөрду жазып, таартып жаткан топ пайда болгону байкалды. Ал тасма биринчиден, өткөн жылы парламенттик шайлоо-үгүт учурунда жасалган. Ал жерде айтылып жаткан сөздөрдүн мааниси Камчыбек Кыдыршаевичтин ошол кездеги — байлык, бийлик артынан кууп, таштап кеткен жоро-жолдоштору, бийликтин колтугуна кирип, сатып кеткен кишилерге карата айтылганын баары билет. Чындык жеңип, Аллах Тааладан суралган ак баталар орундалып, элибиз менен биргеликте Камчыбек Ташиев сынып калбастан, жалгыз калганына карабастан, өзүнүн тилек-максатына жеткенине баарыбыз күбө болдук. Досум деп эл аралап жүргөн Камчыбек Ташиевдин ошол күндөрү бүтундөй бир чоң тарых болуп калды. Демек, ал роликти бүгүнкү кара пиарыңарга колдонуудан майнап чыкпайт», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 6201