• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташиевдин УКМКга «Land Cruiser 300» менен келгендеги видеосу тарады

2 Баш оона 2021 19:47 Бишкек Govori.TV

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратына кирип кетти.

Ушул тапта Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн Бишкекке алып келинип, УКМКнын имаратында сурак берип жатканы кабарланган. УКМКнын маалыматына караганда, «Акаев мурдагы жогорку кызматтагы адамдар менен катар 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылган. Тергөө Акаев президент болуп турган кезде «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга тиешеси бар бардык адамдарга юридикалык баа берген.

Количество просмотров: 3874