• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиевдин уулу «Леванте» футболдук клубуна чакыруу алды

4 Үчтүн айы 2021 9:41 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү баласы Эмир-Хан Кыдыршаев Испаниянын «Леванте» футболдук клубуна чакыруу алды. Бул тууралуу Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«15 жаштагы кенже уулум Эмир-Хан Испаниянын «Леванте» футболдук клубунун кароосуна чакыруу алды жана биринчи жолу чет өлкөгө мен жок кетип жатат. Уулум, сага бардык жакшылыктарды каалайм, эми сен «Ла Лигада» ойногон биринчи кыргыз футболчусу болосуң деп ойлойм», — деп жазды Ташиев.

Ташиевдин уулу буга чейин  Италиянын Паоло Росси футболдук академиясына чакыруу алган болчу.

Количество просмотров: 1008