• Шаршемби 28 Аяк оона 2022
  • Среда 28 Сентябрь 2022

Ташиевге болушкан депутат Токторбаев Бекназаровго жооп берди

14 сентября 2022 в 12:19 Бишкек Govori.TV

Депутат Жеңишбек Токторбаев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча өз пикирин айтып, ЖКнын жалпы жыйынында сөз сүйлөдү. Депутат өз сөзүндө бир нече күн мурун Азимбек Бекназаров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баатыр наамын мыйзамсыз алганын айтканы тууралуу пикири менен бөлүшүп, Бекназаровго жооп кайтарды.

«Урматтуу Азимбек аке, сиздин ким экениңизди эл билет. Капа болбоңуз, көрө албастык кылбаңыз. Жалаанын да чеги бар. Камчыбек Ташиев 12 жыл мурун «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын эл тарабынан алган. Баардыгы ал кезде ким өзүн кандай алып жүргөнүн, ким качып кеткенин жакшы билишет. Ал жакка баралы, элди чогултуп, Ташиев качып кеттиби деп сурайлы, мен ошол жерде болчумун, Бекназаровдун өзүн бир гана жолу көргөм… Жансакчалардын коштоосунда келген. Биз аны кайра көргөн жокпуз», — деди депутат.

Ал бул маселени жыйынга алып чыгып, Башкы прокуратуранын маалыматын угууну сунуштады.

Количество просмотров: 649

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда